Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2018 08:26 На русском

Маданият—Барпы жолунун 1 км аралыгынын курулушу 700 миң долларга бааланат

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун Маданият—Барпы тилкесин салууда 1 км жолдун курулушу 700 миң долларга барат. Мындай маалымат «Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абаддагы көчмө жыйынында белгилүү болду.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев Маданият—Барпы жолу боюнча жасаган баяндамасына караганда, аталган жолдун негизги курулуш иши 2019-жылдын жаз мезгилинде башталганы турат. Жолду куруу укугун азербейжандык компания утуп алды.

Евразия өнүктүрүү банкы менен Финансы министрлиги 2014-жылы келишим түзүп, ал ошол эле жылы парламентте жактырылган. Бул жолду куруу үчүн тендерге катышууга 22 компания арыз берип, 2016-жылы тендерге 5 компания гана калган. Натыйжада тендерди азербейжандык компания утуп алган. Жумуш документ иштерине байланыштуу создугуп кеткен.

«Жол курууну утуп алган компаниянын 8 техникасы келди. Ноябрь айынын аягына чейин дагы 21 техника келүүсү күтүлүп жатат. Бетон завод да курулат. Техникаларды алып келүү каражаты ошол компаниянын эсебинен жүрөт. Бул жылы негизинен деталдык долбоор иштелип чыгат. Техникаларды мобилизациялоо жумуштары жүрөт. Маданият—Барпы жолу 67 км түзөт. Бул жолдун курулуш иштерине 51 млн 600 миң доллар, көзөмөл жүргүзүү иштерине 1 млн 960 миң доллар кетет», - деди ал.

Ошондой эле ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 км жолдун курулушу 700 миң долларга барарын айтты.

Жыйын учурунда депутат Алмамбет Шыкмаматов 4 жыл мурда каражат бөлүнгөнүнө карабастан жумуш кечигип жатканын айтып, өкмөттү сынга алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×