Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.11.2018 10:32 На русском

Ата-энеси ичкиликке берилген 5 жаштагы бала күндүз коңшусунун үйүндө болуп, түндө үйүнө барат экен, - психолог

Turmush -  Ата-энеси ичкиликке берилген 5 жаштагы бала күндүз коңшусунун үйүндө сыналгы көрүп, түнкүсүн үйүнө барып жатат экен. Мындай пикирди «Кыргызстан SOS Балдар айылдары» коомдук фондунун консультанты, психолог Перизат Асылбаева Жалал-Абадда фостердик үй-бүлө боюнча берилген маалымат жыйында билдирди.

Жыйында өз ой-пикирин ортого салган психолог камкордуксуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөрдө тарбиялоо демилгесин колдоорун айтты.

Анын пикиринде, балдар үйүндө 20-30 бала жайгашканы менен миллиондогон акчалар кетип жатат. Фостердик үй-бүлө аркылуу бюджетти үнөмдөсө болот. Экинчиден, балдарга тарбия берүүдө да өксүү бар. Ал эми фостердик үй-бүлөдө тарбияланган балдар өздөрүн толук үй-бүлөдө жашап жаткандай сезишет.

«Балдар фостердик үй-бүлөлөргө берилсе алар үй-бүлөлүк атмосферада чоңойот», - деди ал.

Ошондой эле ал камкордуксуз калган балдар жөнүндө ой бөлүшүп жатып, «Жакында эле бир баланы байкадык. Беш жашар баланын ата-энеси ичкиликке берилип кеткен экен. Бала күн бою кошунасынын үйүнө барып, кино көрүп отурат экен. Түн киргенде үйүнө барып жатып алат. Кээде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, бирде соцкызматкерлер үйлөрүнө алып кетишет экен. Эгер ошол аймакта фостердик үй-бүлө болгондо убактылуу жайгаштырылып турмак. Бул бала боюнча соцкызматкерлер иш алып барышууда», - деди ал.

Психолог баланын азыркы таптагы тагдыры жана анын кайсыл аймакта экенин ачыктаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×