Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.11.2018 13:29

Жалал-Абадда алдыңкы милиция кызматкерлери сыйланды (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын 94 жылдыгына карата Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы Эркиндик аянтында ОИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен гарнизондук сапка тизилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктоо айтты.

«Бул салтанатка ИИМдин ардагерлери катышып, алар каалоо-тилектерин айтуу менен учурдагы ички иштер органдарындагы багыттар туура нукта бара жаткандыгын белгилешти.

Майрамдык салтанатта ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБдин буйруктары окулуп, облустун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен милиция кызматкерлери медалдар, ардак грамоталар менен сыйланышты. Андан соң облустагы ИИМдин ардагерлерине сый көрсөтүлдү», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×