Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.10.2018 11:15 На русском

Жалал-Абаддын тургуну 10 миң долларын алдап алды деп айыптаган аял өзүнүн версиясын айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 10 миң долларга алданганын айтып, буга чейин маалымат жыйын өткөргөн Сыланкан Эгембердиеванын айткандары чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин С.Эгембердиева айыптаган Тамара Сулайманкулова АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Жыйынга ошондой эле айыпталып жаткан Тамара Эрматова да катышып, Сыланкан Эгембердиеванын айткандары негизсиз экенин билдирди.

Т.Сулайманкулова ага негизсиз күнөө коюлуп, кылмыш иши козголгонун айтып, айыптоолорду төгүндөдү.

«Акыркы 5 жылдан бери Сыландан жабыркап жүрөм. Ал экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле болчу, анын күрөөканасына жаран катары мен да алтындарымды коюп акча алып, кайра кайтарып эле жүрчүмүн. Чырдын башы 2013-жылы башталып отурат. Ошол жылдын август айында КРнын Юстиция министрлигинде катталган ЖЧКнын ээси Н.М. кытайлык уйгур жаран Эркинур жана Сыланкан болуп үчөө бизнес баштамак болушкан. Сылан мен аркылуу аларга 300 миң сом берди, сентябрь айында Н.М.ге 100 миң сом берген. Сентябрь айында ошол акчаларды мыйзамдаштыруу үчүн менин катышуумсуз үчөө келишим түзүшкөн. Өз каалоолору менен бир чечимге келишкен. Анан ошол акча боюнча мага түшүнүк кат жаздырса, мен жаман оюм жок жазып бергем.

Өз ыктыяры менен келишим түзгөнүнө карабастан менин түшүнүк катымды карманууда. Ошол кытайлык жаран Эркинурга мен да алданып калдым. Ага Бишкектеги күрөөкананын биринен 10 миң доллар акча алып берип турам. 3 ай пайызын төлөп, аргам кеткенде эки үйүмдү күрөөгө коюп, 21 миң доллар насыя алдым. Күрөөнү дароо жаптым. Калган акчасын да кошуп төлөйбүз дешсе ишениптирмин. Ушуну менен үйсүз калдым. Сылан менен Эркинур 2013-жылдан 2014-жылдын ноябрь айына чейин биргеликте бизнес жасап, аны менден качырып жүрдү. Ал менен 2017-жылга чейин байланышта болуп жүрдү окшойт. Мен Сыланды күнөөлөп жатканымдын себеби, ал Эркинурду менден качырып, жолотпой койду. Анан жөнү жок жерден мени милицияга берип, белгисиз эле 759 миң сомду үстүмө үйүп койду. Биринчи кайрылган тарап ак боло берет экен. Н.М.ге болсо 153 миң долларды үйүп, айыптоодо. Бул жок акча. Мындай акча болушу да мүмкүн эмес», - дейт Тамара Сулайманкулова.

Ошондой эле ысымы аталган аял маалымат каражаттары аркылуу анын жеке беделине шек келтиргендиги үчүн жооп бериши керектигин да белгилөөдө.

«Бизди укук коргоо органдарына акча берген, коррупцияга жол берилген деп жамандоодо. Биздин сот бүтсүн, анан бул аялдын үстүнөн кайрылам. Мен пара бергенимди далилдеп бериши керек», - дейт ал.

Ал эми Тамара Эрматова коомчулукка анын ысымын айтып чыккан аял тескерисинче ага карыз экенин айтууда.

«Мен нааразы болгон аялдын жосунсуз жоруктарын айтууга мажбур болдум. Ал аялды 2013-жылы тааныгам. Ал мага жалпы 516 миң сом карыз болчу. Ага банк аркылуу 351 миң сом акча салгам, кийин борбордон жолукканда өзүнө, анан уулуна акча бергем. Ал мага банктан акча котордум деп жатат, мага карыз акчасын которгон. Атайын банктан тактаттырдым, 175 миң сом которгону турат. Бирок ал 500 миң сом которгом деп жалган маалымат берүүдө. Жалган жалаа менен 2017-жылдын январь айында Жалал-Абад ШИИБге «10 миң доллар карыз» деп жазды. Ишти 4 тергөөчү карап, кылмыш иш козгоодон баш тартышты. Кийин таанышы аркылуу кылмыш иш козголду. Ошого карабастан облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрдү мыйзам чегинде токтом кабыл алып беришти. Биздин иш сотто, адилеттүү чечим чыгаарын күтүп жатам. Карызымды доолагандан кийин ушинтип ар кандай жолдорду таап жатат», - деди ал.

Ал эми буга чейин маалымат жыйын берген Сыланкан Орозованын айтымында, жогорудагы айымдардын айтканы чындыкка дал келбейт. Сулайманкулова Тамара аркылуу ал Н.М. жана кытайлык Эркинур менен таанышкан. Жакшы бизнес башталат деген сунуш менен Бишкекке алып барып, алар менен тааныштырган.

«Кайра-кайра байланыша берсе мен ал аялга ишениптирмин. Бизнес тууралуу айтып, жерлерди да көрсөттү. Көрсө мени алдаптыр. Кийин Эркинур менен мамилелери жакшы болбой жүрдү. Бул жаранды тапса катуу жазалаарын айтып жинденгендиктен, Эркинурга балээге калгым келген эмес. Н.М. деле Эркинурдун кайда жүргөнүн эң жакшы билген. Кытайлык жарандын кетип калаарын мен билген эмесмин. Ал экөөбүз эч кандай бизнес кылган эмеспиз. Эркинур Кытайга кеткен күнү мени чакырып, бүт кеткен каржы боюнча эсептешүү керектигин айтып, бир досуна дайындады. Ошол күнү ал кетип калган экен. Буга мен күнөөлөп жаткан адамдардын толук тиешеси бар», - деди С.Орозова.

Ошондой эле ал Тамара Сулайманкулова андан ырасында 759 миң сом эмес, кийин дагы тактаганына караганда 809 миң сом карыз болуп чыкты. Тамара алган акчалар боюнча квитанциялар бар, жакшы тааныштарынан да алып бергенин алар да арыстап беришет. Ага ишенип, акча алган туугандарын, тааныштарын да кыйын абалга салган. Ал эми күрөөкананы мыйзамдуу түрдө иштетип жатканын айтты.

Ал эми Тамара Эрматова аны Россия өлкөсүнө кургатылган мөмө-жемиш жөнөтүү менен бизнес жасашаарын айтып, түрдүү жолдор менен 10 миң доллар акчасын алып койгон. Банк аркылуу ага которгон акчалары тууралуу чыккан маалымат да тастыктап турат. Түшүнүк каты, телефон аркылуу жазган СМС каттар да акча карыз экенин далилдейт.

«Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенем. Тергөөчүлөргө айтсам да көңүл бурушкан жок. Ошол үчүн өлкө башчысына кайрылып жатам», - деди Сыланкан Эгембердиева.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын тургуну Сыланкан Эгембердиева акчасын алдап алган аялдын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жетпей кыскарганына нааразы болуп, АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында окуянын чоо-жайын айтып берген болчу.

Мындан кийин жабырлануучунун акчасын алдап алган аялдын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жетпей, кыскаргандыгы боюнча айтканына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жооп кайтарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×