Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.10.2018 13:43

Жалал-Абадда унаа сүзүп кеткен 2-класстын окуучусу ооруканада каза болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 2-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду.

Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн, 29-октябрда Жалал-Абад шаарынын Барпы сейил көчөсү менен Мельнычный көчөсүнүн кесилишинде саат 10:00 чамасында катталган.

Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, алар баланын ачуу кыйкырыгынан улам окуя болгон жерге барышкан. Күбөлөр айдоочу токтоп, баланы ооруканага алып кеткенин айтышты. Жабырлануучу шаардагы №2 мектептин 2-классынын окуучусу экенин аталган мектептин мугалимдери да ырасташты. Мугалимдер да тактап, жашаган үйү, ата-энеси боюнча маалыматтар дал келип жатканын билдиришти.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, баланын ата-энеси Россияда эмгектенет, ал чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан. Кийинчерээк облустук ооруканадан маалымдашкандай, бала баш-мээсинен жараат алган. Анын баш-сөөгү сынын, сол санынан жараат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×