Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.10.2018 17:10

Террорчулардан ажал тапкан кызматкер: Жалал-Абадда маркум жол тескөөчүлөрдүн жакындарына жардам көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кызмат учурунда куралдуу террористтердин колунан ажал тапкан жана жумуш учурунда оорусунан улам каза болгон жол көзөмөлдөөчүлөрдүн жакындарынан Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов баштаган кызматкерлер кабар алышты.

Алар кыргыз милициясынын 94 жылдыгын утурлай каза болгон кесиптештерине куран окуп, жакындарына материалдык колдоо көрсөтүштү. Т.Бекбергенов кызмат учурунда каза тапкан кызматкерлердин эрдиги дайым эсте болорун айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө амандык каалады.

Эскерилгендердин катарында милициянын старшинасы Турсунбаев Мамасадык Атулаевич да бар. Ал 1992-жылы ички иштер кызматына кирип, бул тармакта үзүрлүү эмгектенип, 2006-жылы 10-июль күнү Жалал-Абад шаарында кызмат өтөп жатканда куралдуу террористтердин колунан ажал тапкан. Ал 45 жашында көз жумган.

1992-жылдан баштан ички иштер органдарында кызмат өтөгөн Нуралы Алымбеков бөйрөк оорусунан улам 2008-жылы убактылуу жумуштан чыккан. Узакка созулган оорудан улам ал 38 жашында каза болгон.

1984-жылы ички иштер бөлүмүнө жумушка орношкон Бактыбек Суранчиев жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыктарын алдын алуу аракеттерине активдүү катышып келген. 2014-жылы Кара-Көл шаардык жол кайгуул кызматынын башчысы болуп турган учурда жумуш учурунда кокустан жүрөк оорусу кармап, 38 жашында көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×