Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.10.2018 15:33

Жалал-Абадда Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Эскерүү зыйнатына өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, вице-мэр Руслан Алтымышов баштаган жетекчилер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө согуш тааласында курман болгондордун элесине арналып куран окулду.

Жалал-Абад облустук жана шаардык Баткен согушунун биргелешкен ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракуловдун айтымында, Баткен окуясына Жалал-Абад шаарына 124 жоокер катышкан.

«Ошол учурда Жалал-Абад облусунан 1,5 миңден ашык адам Баткен согушуна жөнөп кеткен, анын ичинен 124 катышуучу Жалал-Абад шаарынан барган. Ошол убакта террорчулар өлкөбүзгө бастырып кирип, 5 чоң айылды, андагы 300дөй жергиликтүү жашоочуларды барымтага алып, 10 миңге жакын адам турак үйлөрүн таштап качышкан. Ошол убакта аскерлер тоо-ташта күн кечирип, ичкенге суусу калбай калган күндөрдү көргөнбүз. Бүгүнкү күнү кан майданда каза болгондорду эскерип отурабыз», - дейт Р.Амиракулов.

Ал эми жергиликтүү тургун Токтокан Дайрабаева согушта 21 жаштагы уулу Замирбек Көчөрбаевден айрылган.

«Уулум Замирбек ошол жылы окууну аяктап, Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан. Кийинчерээк Баткенде тополоң чыгып кеткенде аскерлерди ошол жакка алып кетишти. Менин билишимче булар биринчи душмандар тарапка барган кезде желкесине ок жеп, андан кийин дарыланып жаткан кезде террорчулар бастырып келип, дарыланып жаткан аскерлерди атып салышкан. Уулум эли жана жери үчүн курман болду. Мен үчүн уулум дале тирүү бойдон. Аскерлерди көрсөм, уулум алардын катарында жүргөндөй элестетем», - дейт маркум З.Көчөрбаевдин апасы Т.Дайрабаева.

1999-жылы Баткен окуясына өлкө боюнча 5861 жокер катышып, анын 1,5 миңге жакыны Жалал-Абад облусунан барган. Алардын ичинен 44 жоокер согуш талаасында курман болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×