Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.10.2018 18:09 На русском

Жалал-Абад психикалык борборунда баңгизат колдонгонун аныктоочу тесттер жок экени айтылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад психикалык ден соолук борборунда баңгизат колдонгондугун аныктоочу атайын тесттер жок. Мындай пикирди ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Саламат Талипов 23-октябрда баңги маселеси талкууланган атайын кеңешмеде билдирди.

Бул кеңешмеде өкмөттүн 2014-жылдын 5-ноябрындагы буйругу менен бекитилген «Баңгизаттарга каршы күрөшүү» программасын ишке ашыруу максатында аткарылып жаткан иш-мерчемдер талкууланды. Жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков катышты.

Саламат Талиповдун баяндамасына караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБ тарабынан баңгизаттардын, акыл-эске таасир берүүчү психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү багытында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Чек ара, Бажы кызматы жана УКМК менен биргеликте ыкчам иликтөө жана алдын алуу профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Алардын натыйжасында жыл башынан бери баңгизаттарга байланышкан 120 кылмыш фактысы аныкталган.

«Кара куурайларды жок кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 500 гектар кара куурай өскөн жерлер жок кылынды. Ошондой эле эске ала турган жагдайлар да бар.

Мисалга алсак, жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, баңгизаттарга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган атуулдардын жаш курагы боюнча жашарууда. Бул баарыбызды ойлонто турган маселе. Андан сырткары, аймактардагы Жалал-Абад облустук психикалык дарыгерлер борборунда наркология бөлүмү бар. Бирок андагы борборго дарылануу үчүн барган бейтаптарды баңгизаттарын колдонгондугун аныктоо үчун атайын тесттер жок», - деп билдирди ал.

Ошондой эле жыйында баңгизаттарын колдонуп, автоунааларды башкарып, жол кырсыктарын жасаган атуулдарды баңгизатын колдонгондугун аныктоодо кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы белгиленди.

Кеңешмеде облустук усулдук борбордун жетекчиси Акылбек Токтосунов өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин алдын алуу максатында облустук билим берүү бөлүмүнүн усулдук борбору, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен бирге 83 жолу семинар, лекциялар жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөнүн айтты.

Анын белгилөөсүндө, күн тартибинде коюлган маселе боюнча билим берүү тармагында да алгылыктуу иштер жүрүүдө. Тактап айтканда, облуста 467 мектеп болсо анда билим алган окуучулардын саны 222 миңден ашуун. Мындагыларга түрдүү иш-чаралар менен бирге эле атайын колдонмолор аркылуу сабактар өтүлүп, роликтер да көрсөтүлүп, баңгичиликтен алыс болууга чакырык ташталууда.

Кеңешмеде баңгичиликке каршы күрөшүү багытында бир катар ой-пикирлер айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×