Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.10.2018 16:03 На русском

Жалал-Абадда эки тургундан 0,5 килограммдан ашык баңгизат алынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эки күндө баңгизатка байланыштуу 2 фактыны аныкташып, жалпы жарым килограммдан ашуун баңгизат алышты.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-ноябрда саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы «Бай Эл» базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын 22 жаштагы тургуну Х. уулу Харунду текшерген учурда жанынан гашиш баңгизаты табылган. Ыкчам иликтөө иштери улантылып, 19-ноябрда кылмыш жолуна түшкөн экинчи адамды аныкташкан.

«Жогорудагы маалыматтардын негизинде ыкчам тергөө тобу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн бирине барган кезде 26 жаштагы үй ээси Лутфилло кагазга оролгон гашиш баңгизатын милиция кызматкерлерине тапшырган. Кароо жүргүзгөн убакта колдонуп жүргөн уюлдук телефонунан баңгизаттарга байланышкан фото материалдар табылган.

Кошумча анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, үйүнүн ичинен гашиш жана марихуана баңгизаттары калыстардын катышуусунда табылып, соттук-химиялык экспертизага берилди. Жалпы 0,5 килограммдан ашуун баңгизат экендиги аныкталды.

Бул 2 факты боюнча ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 246-беренесинин 3-бөлүгү (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×