Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.10.2018 17:39

Жалал-Абад облусунда 9 айда төрөттөн 9 эне көз жумган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 9 айда 9 эне төрөттөн улам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда облустук коллегияда маалым болгонун аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында айтылган маалыматка караганда, облустук төрөт үйүндө 5, Аксыда 1, Ала-Бука, Сузак, Токтогул райондорунда бирден учур катталган. Мындан улам ыйгарымдуу өкүл энелердин өлүмү катталган райондогу жагдайларды сурады. Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров райондо 23 жаштагы келин төрөттөн каза болгонун айтты. Анын айтымында, келин учурунда дарыгерлердин каттоосуна туруп, көзөмөлдөнгөн. Көз жарарда ооруканага кеч кайрылып калгандыктан дарыгерлер келиндин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

«Келиндин баласы ичинде өлүп калган экен, өзү кеч кайрылгандыктан өмүрүн сактап кала алышкан эмес», - деди райондун акими.

Ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев энелердин өлүмү боюнча тийиштүү тармактагы ар бир адис ойлонушу керектигин белгилеп, ак халатчандарды бейтаптарга сылык мамиле жасоого чакырды.

«Эл ак халатчандардын корс мамилелерине нааразы болуп кайрылууда. "Колуңдан келгенин кыл" деп да бакырып, кыйкырат экенсиздер. Сиздерге ооруганы үчүн барат. Андайда туура түшүнүү менен мамиле кылыңыздар. Сөзсүз эле тааныштардын "звоногу" керек эмес да. Берген антыңыздарды эстен чыгарбаңыздар», - деди ал өз сөзүндө.

Ал жыл аягында дарыгерлердин үстүнөн түшкөн арыз боюнча да талкуу боло турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×