Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.10.2018 16:53

Жалал-Абаддагы коллегияда бир катар акимдерге эскертүү берилди. Аким буга нааразы

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абадда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 9 айлык жыйынтыгын чыгарган жыйын өтүп, күн тартибинде үчүнчү кварталда аткарылган иштер, Региондорду өнүктүрүү жылына карата Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунда аткарылган иштер каралды. Андан сырткары 2020-жылы ар он жылда өтүүчү калкты жана турак жайды каттоого көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды.

Жыйында облустагы жакшы көрсөткүчтөр жана кетирилген кемчиликтер айтылды. Жыйынтыгында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясынын токтом долбоору окулду. Ага ылайык бир катар көрсөткүчтөрдөн артта калган жагдайлар эске алынуу менен Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловго, Сузак районунун акими Эрмекбай Омошевге, Аксынын акими Масалбек Мырзамамытовго, Тогуз-Торонун акими Айбек Кожошевге, Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевге жана Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Накетаевге эскертүү берилди.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгү үчүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Адышевага, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышовго, Ала-Бука районунун акиминин орун басары К.Усенбаевага да эскертүү тартиптик жаза берилди. Ал эми Аксы районунун акиминин орун басары Д.Абдылдаева, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары С.Абибованын, Чаткал акиминин орун басары А.Чынасованын кызматты жаңыдан аркалап жатышканы эске алынып, жыл жыйынтыгында каралмай болду. Энелердин өлүмү катталган Аксы, Ала-Бука, Сузак, Токтогул райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине тартиптик жаза берүү облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурдин Эрматовго жүктөлдү.

Долбоор окулган соң Кара-Көл шаарынын мэри И.Еркеев жумуш орундарын түзүү иштери шаарда жетишсиздиги үчүн берилип жаткан эскертүүгө маани берип коюуга чакырып, 3 эмес 9 жумуш орун түзүлгөнүн айтып, шаарда жүрүп жаткан иш-мерчемдерде, бир катар алга жылууларга токтолду.

Коллегиянын айрым мүчөлөрү ырасында шаарда айрым тармактарда өсүш болгонун эске алышып, аны эскертүү берилген аким-мэрлердин катарынан чийишти. Андан кийин Сузак районунун акими Э.Омошев да өз ой-пикирин билдирип, райондогу өсүүлөрдү, аткарылган жумуштарды тизмектеп, «эскертүү реалдуу эмес болуп жатат. Биздин жасаган жумуштарды да эске алып койсоңуздар болмок» деген оюн ортого таштады.

Район акимине жооп айткан өкүл К.Сатыбалдиев, райондогу кемчиликтерди санаса бир топ экенин баса белгиледи.

«Сөгүш берели дегендер болду, бул жолу эскертүү алсын дедик. Сөгүш албаган жетекчи жок. Ар бир тармакка көңүл бөлүп иштесин деп ушундай тартиптик жаза берүүгө аргасыз болуудабыз», - деди К.Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×