Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.10.2018 12:22

Жалал-Абадда жыл башынан бери 125 жаңы ишкана ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 125 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 24-октябрда ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы каралган коллегияда айтылды.

Жыйынды өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин баяндамасына караганда, жаңыдан ачылган мекемелердин ичинен 42си өнөр жай, 26 соода борбору, 3 айыл чарба, 53 кызмат көрсөтүү, 11 курулуш кызматы жана башка тармактарында ачылган.

«Мунун натыйжасында 503 жумуш орун түзүлдү. Региондорду өнүктүрүү жылында өлкө башчынын тапшырмасына ылайык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө да басым жасалууда. Ошол эле учурда айыл чарба продукцияларын экспорттоого шарт түзүү үчүн Бүргөндү айыл аймагынын Ууру-Жар айылында «Агрогрупп» кооперативи 5 гектар жер аянтында күнөскана жана 1000 тоннадан ашуун мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч куруп, ишке берилген. Наркы 25 млн сом болуп, 10 жумуш орун түзүлгөн. Масы аймагындагы ишкер Р.Мараимов 441 чарчы метр же 1000 тонна сыйымдуулукта жашылча-жемиштерди сактай турган жай куруп, ишке берген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×