Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.10.2018 10:40 Жаңыланды: 24.10.2018 11:25 На русском

1,5 жаштагы Нуркыз операциядан кийин каза болду. Жакындары дарыгерлерди айыптаса, ооруканадагылар четке кагууда (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканага дене табы көтөрүлүп келген 1,5 жаштагы Жамшитбек кызы Нуркыз дарыгерлердин кайдыгерлигинен каза болгонун жакындары айтышууда.

Ал эми андагы оорукананын дарыгерлеринин ырастоолорунда, наристе майып болгон үчүн өзгөчө кароого алынган, сүйлөшүү жолу менен борборго которууга мажбур болушкан.

Ушул жылдын 1-сентябрь күнү 1,5 жаштагы Жамшитбек кызы Нуркызды ата-энеси облустук биргелешкен ооруканага дене табы көтөрүлгөн абалда алып келишкен. Эртеси 2-сентябрда ага дарыгерлер ичегиси жабышып калган деген диагноз коюшуп, операция жасоо зарылдыгын айтышкан. Кыздын ата-энеси дароо эле макулдугун берип, операция жасалган. Бирок кыздын чоң энеси Тынара Шабданова ага операция негизсиз жасалганын, диагноздору туура эмес коюлганын айтып, дарыгерлерди айыптоодо.

«Кызымды балам менен келиним дене табы көтөрүлгөндө коркуп кетип, ооруканага алып барышкан. Эртеси күнү дароо эле балама «кызыңар операция болбосо каза болуп калышы» мүмкүн деп айтышыптыр. Балдарым коркконунан макул болушкан. Дарыгерлер «спайка (ичегиси жабышып калган) болуп калган» дешкен экен. Көрсө кызым андай болбоптур, жөн эле ичин ачып, кайра жаап коюшкан. Биринчи барган күнү да кайдыгер карашкан экен, качан тыйын бергенде гана көңүл бөлүп, карап калышыптыр. 15 күн ушул ооруканада жатты, кызымды дарылабай эле кыйнап салышыптыр. Буттары сепсис болуп кеткен. Алты ай мурда башына шунт койдурганбыз. Келиним реанимациядагы кызматкерлерге кызынын башына шунт койдурганын, абайлап кароо зарылдыгын айтса, кагып-силкип коюшкан. Энеси чыркырагандай эле башына коюлган шунт жылып кетип, башы ачылып калган. Байкуш кызымды аябай кыйнап салышыптыр. Башынын ачылып калганы анын өлүмүнө себеп болду.

Эгер дарыгерлер жакшы караганда, көңүл коюп дарылашканда кызымды жоготуп албайт элек. Аларга ишенбей калгандыктан 15 күндөн кийин Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына алып жөнөдүк. Бишкек шаарынан шаарга тез жардам кызматын чакырып койсок, Жалал-Абад облустук ооруканасындагылар аркага кайтарып коюшуптур. №3 ооруканадагы Мелис деген дарыгер да Жалал-Абаддын дарыгерлерине нааразы болду. Ачылып калган башын тикти, бутундагы сепсис бүтпөй койду. Ал ооруканада 27 күн жаттык. Кызымдын кыйналганына жаның чыдап тура албайт. Байкушум ошончо азаптарга чиедей жаны туруштук бере алган жок. Кызыбызды жоготуп алдык», - дейт чоң энеси.

Анын айтымында, адистердин берген маалыматына караганда башына шунт койдургандардын алды студент болуп жүрөт. Нуркызга башына операция жасалган күнү эле ата-энесинин колуна берген, эртеси күнү тамакка аралашып кеткен. Анализдеринин баары жакшы чыккан. Ар ай сайын дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп турган. Эки ай мурда да текшерүүдөн өткөндө кыздын абалы жакшы экендигин операция жасаган дарыгер айткан эле. Мына ушул оорусу үчүн кыздын ата-энеси дене табы көтөрүлгөндө ооруканага алып барышкан болчу.

Ал эми Жалал-Абад облустук биргелешкен оорукананын балдар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Кыпчак Токторбаев кыз оор абалда келгенин, дем алыш күнгө карабай жумушуна келип, ал кыздын абалын көрүп, тийиштүү кадамдарды жасаганын айтууда.

«1,5 жаштагы кыз 1-сентябрда оор абалда реанимацияга түшкөн. Мага 2-сентябрда дем алыш күнү оорукананын мурдагы директору А.Кулбаев байланышып, туугандарынын баласы ооруканага түшүп калганын айтып, аны көрүп коюшумду суранды. Мен ооруканага келип, кызды рентгенге салдык, ага ичегенин жабышып, боголуп (тосулуп) калуусу (спаечная кишечная непрохрдимость) диагнозу коюлду. Ага операция жасоо зарыл болчу. Атасын чакырып «баланын абалы оор, операциядан чыкпай калышы да мүмкүн» деп ачыгын айтууга туура келди, атасы макул болду. Мурунку директорубузга да диагноздору боюнча кабар бердик. Ал да хирург болгондуктан «абалы оор болсо операция жасаш керек» деген оюн айтты.

Эмнегедир операцияларды сүрөткө тартпайм, ушуну сүрөткө тартып алган экенбиз. Ичегинин буулган жерин кескенден кийинки абалды тартып калыптырбыз. Кыздын чоң энеси айтып жаткан пикирге кошула албайм. Диагноз туура коюлган, анан да ал кыздын оорукчан экенин билип, ага аяр мамиле жасалып жатты. Баарыбыз көңүл буруп карап жаттык. Ал кызга буга чейин тубаса гидроцефалия оорусу боюнча башына операция жасалып, шунт коюлган экен. Ушул жагдай маселе жаратты. Ага башына операцияны Бишкек шаарындагы №3 клиниканын дарыгери жасаган экен, ага байланышып, анын айтуусу менен дарылап жаттык. Анан ошол киши менен сүйлөшүп, борборго жөнөткөнбүз. Биз дарыгерлер колдон келген жардамыбызды көрсөттүк. Чоң энеси дарыгерлерге айтып жаткан нааразычылыгы чындыкка туура келбейт», - деди ал.

Облустук оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаевдин айтымында, ал өзү да маркумду эки жолу көрүп чыккан.

«Бизде 2-сентябрь күнү операция жасалып, он күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Андан кийин балдар хирургиясына которулуп, 3 күндөн кийин кайрадан ата-энесинин даттануусу менен реанимацияга которулду. Жандандыруу бөлүмү менин дайыма көзөмөлүмдө, ал кызды жеке өзүм да эки жолу көргөм. Дарыгерлерге тийиштүү тапшырмаларды бергем. Кызга операция жасаган дарыгерибиз борбордогу №3 оорукананын дарыгери менен сүйлөшүп, эки орун басарым которуу боюнча алектеништи. Биз бөлгөн реанимобиль унаага отурбай, өз алдынча унаа менен чыгып кетишкен. Республикалык санавиация менен да орун басарым сүйлөшүп берген, бирок учактын рейси айтылбай калгандыктан тез жардам унаасы кечигип келген. Биздин кызматкерлер күчүнүн баарын жумшашты», - дейт оорукана жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×