Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.10.2018 13:17 Жаңыланды: 19.10.2018 13:39

Жалал-Абадда социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага калаа мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев жана вице-мэр Руслан Алтымышов баштаган шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагында эмгектенген социалдык кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылып, чакан концерттик программа тартууланды.

«Быйыл былтыркыга салыштырмалуу социалдык кызматкерлердин арасында спорттук иш-чара уюштурулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 25 миң сомдой бөлүндү», - дейт вице-мэр Р. Алтымышов.

Ал эми көп жылдан бери шаардык социалдык коргоо бөлүмүндө эмгектенген кызматкер Зейнеп Асанованын айтымында, алардын иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.

«Биздин жумуш коомдогу жетишпеген, жарды үй-бүлөлөр менен иштешүү болуп саналат. Айрым учурда жашоого болгон үмүтү өчкөн адамдар менен иштешип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Чындыгында өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү жумуштардын бири. Ага карабай, кызматкерлердин айлык акысы аз, ушул тараптан көңүл бурууну өтүнөт элем», - деди ал.

Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо тармагында 66, ал эми шаардык социалдык фонддо 25 кызматкер эмгектенип келет. Азыркы тапта шаар аймагында 3 миңден ашуун жакыр үй-бүлө болсо, карыялардын саны 150дөн ашат. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлгү чектелгендердин саны 3 миңден жогору.

Быйыл Социалдык фондго 25 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×