Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.10.2018 17:16

Жалал-Абадда бош орундар жармаңкесине ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү да келишти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жармаңкеси болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жармаңкеге кесиптик окуу жайлардын, бизнес түзүмдөрдүн, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын өкүлдөрү, жеке иш берүүчүлөр, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана жумушсуз жарандар катышты.

«Жармаңкеге жумуш издеп жүргөн адамдар эле эмес, жогорку окуу жайлардын, кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү да келип, өздөрүнө ылайыктуу жумуштарды издеп жатышат. Мындан сырткары бул жерде жумуш издегендер жана жумуш берүүчүлөр эле эмес, эмгек кодекси жана андагы келишимдер тууралуу маалымат берүүчү адистер да бар. Бул дагы жумуш издеп жүргөндөргө чоң жардам берип жатат», - дейт жарандык колдоо борборунун Жалал-Абад шаарындагы жетекчиси Чынара Жусупова.

Жармаңкеге келген шаардагы окуу жайлардын биринин бүтүрүүчүсү Марлен Толубаев мындай жармаңкелер бат-баттан уюштурулуп турса дейт.

«Окуу жайды жакында эле аяктадым, кесибим боюнча информатик, програмистмин. Буга чейин бир нече ишканаларга иш сурап кайрылдым. Мен барганда көп жерден менин иш тажрыйбамды сурап, байланышабыз деп гана тим болушту. Бүгүн мен өз кесибим боюнча бош орундарды карап жатам. Бизде мындай жармаңкелер чанда гана болот, эгер бат-баттан уюштурулуп турса жакшы болот эле», - дейт М.Толубаев.

Жалал-Абад шаардык эмгек жана миграция кызматынын берген маалыматына таянсак, бир жылда орто эсеп менен шаар калкынын 20%ы, башкача айтканда миңге жакын адам жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө мигрант болуп чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×