Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.10.2018 16:42

Жалал-Абадда мечит, медреселердин ишмердүүлүгү текшерилип, жыйынтыгы чыкты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында диний мекемелердин ишмердүүлүгү талкууланган кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Кеңешмеде диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерген атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралды.

Жыйынга шаар мэри Мураталы Тагаев жана биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбеков, Жалал-Абад шаарындагы мечиттердин имамдары, УКМКнын, сот, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Экотехинспекциянын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин шаар мэриясы тарабынан комиссия түзүлүп, мечит, медреселердин окуу программалары, мамлекеттик тилди колдонууда мыйзамдын сакталышы, өрт коопсуздугу жана башка шарттары текшерилген. Текшерүү учурунда бир нече мекемелерде мамлекеттик тил мыйзамы бузулгандыгы аныкталып, бир мечитте өрт коопсуздугун сактоодо кемчиликтер бар экени жана кыздар медресесинин экотехинспекция тарабынан берилүүчү уруксат кагазы даяр эместиги аныкталган.

Ошондой эле бардык мечиттерде, медреселерде окуу программалары талапка жооп бергендиги жана экстремисттик багыттагы колдонмолор жок экени айтылды. Координациялык кеңешменин бул жыйыны тийиштүү жактарга кетирилген кемчиликтерди бир жуманын ичинде жоюу тапшырмасын койду.

Учурда Жалал-Абад шаарында 28 мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×