Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.10.2018 10:12

Жалал-Абадда «Тонировка» рейдинде 233 айдоочуга протокол толтурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун аймагында «Тонировка» рейди жүргүзүлүп, анын алкагында бир нече айдоочуларга административдик протокол толтурулду.

Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө 233 айдоочуга административдик протокол толтурулду.

«Анда алдыңкы жана каптал терезелери күңүрттөлгөн 4 унаа, жалган мамлекеттик номур кадалган 1, мамлекеттик белгиси жок бир унаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Андан сырткары мас абалда унаа башкарган 4 жарандын унаасы да токтотулду. Мындай рейддер улантыла бермекчи», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×