Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.10.2018 10:55 На русском

Өзбек актёрлору биринчи жолу Жалал-Абадга келип, концерт жана спектакль коюшту (фото)

Turmush -  Өзбек актёрлору биринчи жолу Жалал-Абадга келип, шаар тургундарына концерт жана спектакль коюп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ташкент шаарындагы «Мукимий» атындагы музыкалык театрынын концерти үч күнгө уланат.

«Бүгүнкү күнү биз Ташкент шаарынан Жалал-Абад шаарына келип, боордош кыргыз элине өзүбүздүн даярдап келген спектаклдерибизди, концертибизди тартуулап жатабыз. Буга чейин эки элдин ынтымагы бир аз ыдыраса, өлкө башчыларыбыздын бири-бирине болгон сый-урматы жана достугу чыңдалып жаткан саясатынын арты менен өз өнөрлөрүбүздү тартуулап жатабыз. Өлкө башчыларыбызга ыраазычылык билдиребиз», - дейт музыкалык драм театрдын директору Мырза Азизов.

Ал эми өкмөт өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков акыркы кезде өзбек-кыргыз алакасы бекемделип жатканын белгиледи.

«Өзбек эл артисттери келип, эл-журт менен жоолугуп жатканы кубанычтуу кабар. Анткени, эки өлкөнүн ынтымагын, карым-катнашын жумуш үстүндө эле эмес, маданият жагынан да жакындатуу жакшы жөрөлгө. Акыркы учурда коңшу мамлекет менен болгон алакабыз бир кыйла жакшырды. Мисалы, Аксы районунун 90 жылдык мааракесине Наманган облусунун губернатору келип, куттуктап кетти. Албетте, бул эки өлкөнүн ынтымагынан кабар берет», - дейт орун басар Ы.Ызабеков.

Буга чейин маалымдалгандай, Ала-Бука районунда чек арадагы такталбаган аймакта эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Өзбекстан тарап каналын, кыргыз тарап жолун оңдошкон. Ага эки өлкөнүн эли жана бийлик өкүлдөрү катышып, ынтымак үчүн түлөө өткөрүшкөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×