Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.10.2018 15:30

Жалал-Абадда жер астынан өтүүчү жаңы өтмөккө Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 27-сентябрда пайдаланууга берилген жер астынан өтүүчү өтмөккө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Мындай демилгени Жалал-Абад шаардык кеңештин 2-октябрдагы сессиясында депутат Абдилбает Мамасыдыков көтөрдү.

Анын айтымында, мындай сунушту шаардык кеңештин депутаттары дагы колдоого алууда.

«Бул маселе боюнча аткаруу бийликтин өкүлдөрү менен да кеңештик, облустук жетекчиликке сунуштадык. Демилгени сессиядан дагы көтөрдүм, кесиптештер колдоду. Бул кадамды ишке ашырууга көп деле каражат талап кылынбайт. Учурда дүйнө эли тааныган улуу жазуучуну барктап жаткан кезде, биз дагы анын 90 жылдыгына карата өз салымыбызды кошолу дегенбиз. Бул маселе боюнча социалдык комиссия түзүлүп, тапшырмалар берилди. Алар документтерди такташтырган соң, маселе оң жагына чечилет деп ойлойм. Азырынча өтмөк мамлекеттик акт менен толук кабыл алына элек», - дейт А.Мамасыдыков.

Буга чейин маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилип, анын курулушуна 13 миллион сом жумшалган. Өтмөктүн узундугу 30, туурасы 6 метр, тереңдиги 5-6 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×