Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.10.2018 15:24

Жалал-Абадда карылар үчүн компьютердик курс ачылып, 200дөй карыя сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 1-октябрь — Эл аралык карыялар күнүнүн алкагында 200дөй карыяга сый-урмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов билдирди.

Анын айтымында, шаар казынасынан материалдык колдоо катарында 100 миң сом бөлүнгөн.

«Эл аралык карылар күнүнүн алкагында шаардык мэрия социалдык коргоо башкармалыгы жана Кызыл Жарым Ай уюмунун колдоосу менен «Жолугушуулар жээги» деген аталыштагы жашы улгайган адамдардын бөлмөсүн түздү. Ал жерде компьютердик курстар ачылып, түрдүү китептер коюлган. Ошондой эле атайын улуу инсандар сүйлөшүп отуруучу жай түзүлгөн. Мындан сырткары, улуу муундун өкүлдөрү үчүн шаар ичинде экскурсия уюштурдук. Ал эми бүгүнкү күнү 200дөй карыяга сый тамак тартууланды. Ден соолугунун абалына байланыштуу баса албай калган карылардын үйлөрүнө барып, аларга белектерди тапшырып жатабыз», - дейт Р.Алтымышов.

Жалал-Абад шаарында 3 миңден ашуун карыя жашайт.

Бул күндү 1990-жылы БУУнун баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Ал эми кыргыз эли бул майрамды 26 жылдан бери белгилеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×