Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.09.2018 23:36

Жалал-Абадда калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 149 соода түйүн иштеп жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад дубанында калкты отун, көмүр менен камсыздоо үчүн 149 соода түйүн иштеп жатат. Мындай маалымат күз-кыш мезгилине карата көрүлгөн даярдыктар боюнча өткөн жыйында маалым болду.

Жыйынды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

Өкүлчүлүктүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин баяндамасына караганда, «Жалалабатэлектро» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн 0,4-10-35 кВ чыңалуудагы электр жабдууларын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча бекитилген план-тапшырмаларын толук аткарды.

Ошондой эле 10 кВ чыңалуудагы 10,9 км, 0,4 кВ чыңалуудагы 11,71 км аба чубалгылары курулуп, 25 даана КТП 6-10 0,4 көмөкчордон жана 14602 даана электр эсептегичтер орнотулган.

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына таандык 26 коммуналдык от казандарды болсо, анын дээрлигинде оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Жалал-Абад шаарында 90%, Майлуу-Сууда 80%, Таш-Көмүрдө 90%га жумуш аткарылса, Кочкор-Ата шаарында толугу менен бүткөрүлгөн.

«Облустун билим берүү тармагында 748 объектинин ичинен 703 объекттин жылытуу системалары даярдалган. Андагы мекемелерге жалпысынан 13701 тонна көмүр керектелсе, 25-сентябрга чейин 9718 тонна көмүр түшүрүлдү. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, 1 тонна көмүрдүн баасы 3600 сомду түзүүдө. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында болсо 1837,8 тонна керектелсе 2400 тонна камдалды. 332 объектинин жылытуу системалары даярдыктан өткөн. Калкты көмүр менен камсыздоо кадамы да колго алынууда. 2018-2019-жылга кыш мезгилине калкка шарттуу отунду кошкондо 176,3 миң тонна көмүр камдоо керек болот. Бүгүнкү күнү 88200 тонна даярдалды. Көмүр камдоого шарттарды түзүү үчүн 149 көмүр сатуу түйүндөрү иштеп жатат», - деди А.Исаев.

Калк үчүн уюштурулган соода түйүндөрдү текшерүү, көмүрдүн баасын ашыкча кымбаттатууга жол бербөө маселеси да айтылды.

Ал эми Майлуу-Суудагы бюджеттик мекемелердин жылуулук, электр энергиясы үчүн карыздары 23 млн. сомду түзгөн. Бул төлөмдүн дээрлиги шаардык билим берүү бөлүмүнө тиешелүү. Тактап айтканда, аталган бөлүмдүн карызы 22 млн 309 миң сомго жеткен. Шаардык маданият үйүнүн карызы 425 миң сомду түзөт.

Мына ушул сыяктуу дебитордук карыздардын кечигүүсүнөн улам шаардык жылуулук ишканасынын №2 отканасынын отказандарын толук оңдоо жумуштары колго алынбай жатат. Ошондуктан тиешелүү жетекчилер бул багытта өз аракеттерин жумшоо зарылдыгы турат. Ал эми шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун электр энергиясына болгон карызы 1 млн 555, 2 миң сомду түзөт. Бул да маселе жаратат. Бул мекемелердин баары республикалык бюджеттен каржыланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×