Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.09.2018 16:07 На русском

Иса Ахунбаев айлык акысына студенттерди окуткан, - кардиолог М.Намазбеков (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында хирург, медицина илимдеринин доктору, академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Орусия, Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын илимпоз профессорлору жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышты.

«Бул иш-чара символикалык түрдө Жалал-Абадда өтүп жатат. Себеби бул аймакта түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору жайгашкан. Бул борбордо учурда иш ийгиликтүү уланууда. Бул жаатта жаш кадрларды тарбиялап чыгаруудабыз», - дейт илимий борбордук жетекчиси Калдарбек Абдраманов.

Учурунда Иса Ахунбаев менен иштешкен кардиолог Мамбетакун Намазбеков аны мындайча эскерди.

«1970-жылдары Иса Ахунбаев менен бирге иштешип калдым. Ошол учурда күн сайын чогулуштарды уюштуруп, калк арасында мындай оорулар күч алды деп аны чечүүнүн жолдорун издечү. Мени таң калтырганы ошол учурда эле мына ушул жүрөк-кан тамыр хирургиясын өнүктүрүүнү каалаган экен. Анткени ал учурда калкты жокчулук каптап, көпчүлүк студенттер окуу акысын төлөй албай, окуудан четтеп жаткан учурда Иса Ахунбаев өз айлык акысын төлөп, студенттердин билим алуусун кубаттаган», - дейт М.Намазбеков.

Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган. Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.

Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37) болгон. 1937-39-жылдары жазыксыз жерден сталиндик абакта камалып жаткан. Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.

1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору, 1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон, 1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон. Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын сокур ичеги оорусуна, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинен 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×