Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.09.2018 14:49 На русском

Дүйнө чемпиону Э.Бакиров белекке алган токулуу атты атасы — депутатка мингизди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда ийгиликтерди багындырган спортчуларды сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Словакиянын Трнава шаарында өткөн жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болгон Эрбол Бакировду, ушул эле мелдеште коло медаль тагынган Акжол Махмудовду, Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынган Амантур Исмаиловду тосуп алышты.

Саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттары жана спортчулардын күйөрмандары катышты.

Ыйгарымдуу өкүл чемпиондорду жеңиши менен куттуктап, бул алардын эмгеги экенин белгиледи.

«Силер бул жеңишке маңдай териңер менен жеттиңер. Чыдамкайлыгыңар, өжөрлүгүңөр чоң жеңишке жеткирди. Быйыл спорт тармагында Жалал-Абадда эң жакшы жылыштар орун алууда. Аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерге жана машыктыруучуларга ыраазычылыгымды билдирем», - деди ыйгарымдуу өкүл.

Ошондой эле өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү биргеликте Эрбол Бакировго аргымак тартуулады. Дүйнө чемпиону: «Мени ушул даражага жеткирген атам аргымакты минсин», - деп, атасы — эл өкүлү жана грек-рим күрөшү боюнча чебер Эгембердиев Максатка тартуу кылды.

Ал эми калаа башчысы шаардык бюджеттин эсебинен Эрбол Бакировго 400 миң сом, анын машыктыруучусу Алтынбек Саалаевге 120 миң сом, Амантур Исмаиловго 500 миң сом жана машыктыруучу Чыңгыз Пиримкуловго 150 миң сом сыйлыкты расмий тапшырды.

Мындан сырткары эки спортчу машыккан залга 500 миң сомдук спорттук килемдер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×