Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.09.2018 13:08 На русском

Жалал-Абадда 13 млн сомго курулган жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу жер астынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

27-сентябрда өткөн ачылыш аземге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошов жана эл өкүлдөрү — Максат Эгембердиев, Музафар Исаков, Айтмамат Назаров катышты.

Унаа тыгындарын азайтуу, жөө жүргүнчүлөрдүн каттамын кыйындатып жаткан Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүндөгү кыймылды жөнгө салуу үчүн өтмөк куруу кадамы жанданган болчу.

Шаар мэри Мураталы Тагаев мындагы курулуштун долбоору менен өлкө башчысы өкмөт башчы болуп турганда таанышып кеткенин жана колдоого алгандыгын белгиледи. Ошондой эле өтмөктүн курулушу үчүн шаардык кеңештин депутаттары 19 миллион сом бөлүү сунушун колдоп бергенин айтып, ыраазычылык билдирди.

«Биздин максатыбыз элге ыңгайлуу шарт жаратуу болчу», - деди мэр М.Тагаев.

Ал эми А.Өмүрбекова шаарда бир катар курулуш иштери жүрүп жатканын, өнүгүү бар экендигин белгиледи.

«Россия Федерациясында ушундай өтмөктөрдүн саны 600гө жетет экен. Ал эми Гонконгдо 1500дөн ашуун өтмөк бар экен. Бизде эми жандана баштады, буйруса эл үчүн кызмат кылган объект болуп калат», - деди ал.

Өкмөттүн өкүлү түштүк аймагында эгемендиктин тарыхында алгачкы жолу ишке берилген өтмөк болгонун айтты.

Буга чейин маалымдалгандай, өтмөктүн курулушуна 19 миллион сом бөлүнгөн. Тендерден «Сафари» ЖЧКсы 13 миллион сом утуп алган. Өтмөктүн узундугу 30, туурасы 6 метр, тереңдиги 5-6 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×