Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.09.2018 14:12

Дүйнө чемпиону болгон балбан Э.Бакиров Олимпиадага даярдык көрөт (фото)

Turmush -  Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган Эрбол Бакиров 2020-жылы Токио шаарында өтө турган дүйнөлүк олимпиадага даярдык көрүп баштайт. Бул тууралуу 25-сентябрда Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында балбан өзү билдирди.

Жыйынга Жалал-Абад шаардык грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Жеңиш Эрназаров, Эрболдун машыктыруучусу Алтынбек Саалаев, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн резервдерин даярдоочу спорттук мектептин жетекчиси Чыңгыз Примкулов катышты.

Маалым болгондой, Эрбол Бакиров 3-класстан тарта грек-рим күрөшү боюнча машыгат. Анын ийгиликке жетүүсүнө мугалимдеринин, ата-энесинин, СССРдин спорт чебери М.Эгембердиевдин да салымы бар.

«Жеңишке жетүүмө тынбай машыгуу жана дайыма жанымда жүргөн агайымдын, ата-энемдин жана жакындарымдын колдоосу себеп болду», - дейт Э.Бакиров.

Эрбол үй-бүлөдө 6 бир тууган болсо, алардын баары грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана дзюдо менен машыгат.

Дүйнө чемпионаты Словакиянын Трнава шаарында өткөн. Анда Кыргызстандын балбаны Эрбол Бакиров 63 килограмм салмак менен финалда Хассан Ахмед Мохамед менен күрөшүп, чемпион аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×