Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.09.2018 14:42

Жалал-Абадда «Өз кан басымыңды билип ал» акциясы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда «Өз кан басымыңды билип ал» бир жумалык акысыз акция өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, акция бир жума аралыгында облустун район-шаарларында улантылат.

«Бизде көпчүлүк адамдар кан басымын күн сайын текшеришпейт же болбосо айрым адамдар кан басымы бар экенин да билишпейт. Ошол себептүү биздин кызматкерлер бир жума аралыгында калк көп жүргөн жерлерде калктын кан басымын акысыз текшерип жатышат.

Эгерде биз текшерген жарандарда кан басым боюнча маселе болсо, анда тезинен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жөнөтүлөт. Ал жерде дагы бир жолу текшерип, андан кийин керектүү дары-дармектер берилет. Шаар боюнча үч жерде шаар тургундарынын кан басымын текшерип жатабыз. Ал эми ушундай эле текшерүүлөр облустун башка район-шаарларында дагы уланууда», - дейт №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунун адиси Г.Нурматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×