Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.09.2018 16:21 На русском

Нурдин Эрматов Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Нурдин Эрматов Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору — министрликтин облустагы координатору болуп дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кол койгон.

Жаңыдан келген жетекчини жамаатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырып, ийгиликтерди каалады.

Ал эми мурунку жетекчи Маматжан Миянов 2011-жылдан бери аталган борбордун жетекчиси болуп эмгектенип келген. Ал өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Өмүр баяны

Нурдин Эрматов Маматович

Туулган жылы: 1968-жыл

Туулган жери: Фрунзе шаары

Үй-бүлөлүк абалы: 2 кыз, 3 уулдун атасы

Билими

- Кыргыз мамлекеттик медициналык институту, стоматологиялык факультети;

- ЖАМУнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, менеджер адистиги.

Эмгек жолу

- 1993-2003-жылдары Жалал-Абад стоматологиялык ооруканасында тиш дарыгер;

- 2003-2008-жылдары «Нур-Медик» ЖЧКда тиш дарыгер;

- 2008-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин V чакырылышынын депутаты, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары;

- 2011-жылы Стоматологиялык оорукананын дарыгери;

- 2012-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;

- 2013-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;

- 2013-2014-жылдары Бюджет, экономика жана салык боюнча комиссиянын төрагасы;

- 2015-жылы Социалдык жана укуктук маселелер боюнча комиссиянын төрагасы;

- 2016-жылы Өнөр жай жана айыл чарба маселелери боюнча комиссиянын мүчөсү;

- 2017-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×