Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.09.2018 17:38

Жалал-Абадда №704 аскер бөлүктүн 26 жылдыгы белгиленип, аскерлер сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 21-сентябрда №704 аскер бөлүгүнүн 26 жылдыгы белгиленип, Чаткал окуясы эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада аскер бөлүктүн командири, полковник Марат Нуралиев бөлүктүн кызматкерлерине жана аскерлерине алкыш баракчаларын тапшырды.

Ошондой эле мааракеге карата аскер бөлүктө өткөн волейбол боюнча мелдеште алдыңкы орундарга жетишкен уландарга алкыш баракчалар жана акчалай сыйлыктар берилди. Аскер кызматкерлерин Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев да куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды. Ушундай куттуктоолор ОИИБ жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан да айтылды.

1992-жылдын 7-сентябрында Жалал-Абад шаарында №704 аскер бөлүгү түзүлгөн. 1998-жылы Сузак районунда сел жүргөн убакта, 2005-жылы Андижан окуясында 400дөн ашык качкындар кыргыз жерине баш калкалоого мажбур болушканда коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана 2001-жылы Чаткал районундагы террористтер менен кагылышууда күжүрмөн аракеттерин көрсөтүшкөн.

2010-жылдагы июнь окуясында аскер бөлүк шаарда баш аламандыкты болтурбай, тынчтыкты сактоого чоң үлүшүн кошкон. Жоокерлер аскер бөлүк түзүлгөн күндөн тартып антка бекем турушуп, милдеттерин аткарып келишет.

2000-жылдын 11-сентябрында Чаткалдын Ак-Таш айылына экстремисттик топтордун 7 куралчан согушкери кирген келген. №704 аскер бөлүктүн аскерлери аларды тоодо жашынып жаткан учурда жок кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×