Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.09.2018 16:03

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы дарыкана ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына караштуу жаңы курулган дарыкана ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылышка облустук клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси, профессор, белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдраманов, дарыкананын жетекчиси Динара Садыкава жана медицина кызматкерлери катышты.

Д.Садыкаванын айтымында, дарыкана өндүрүштүк жана даяр дары-дармектердин кампасынан турат.

«Биздин дарыкана 1985-жылы түптөлгөн. Анын эскилиги жетип, талапка толук кандуу жооп бербегендигине байланыштуу 2017-жылы тендер уюштурулуп, учурда оңдөп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жалпы 9 адам эмгектенет. Буга чейин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасын толук кандуу камсыздай албай келсек, эми 570 орунду толук камсыздап бере алабыз. Бул жерде 11 түрлүү ээритиндилер чыгарылат», - деди дарыкананын жетекчиси.

Ал эми оорукананын директору Ж.Карабаевдин айтымында, жакын арада күйүк оорулар бөлүмү ачылат.

«Буга чейин Кытай Эл Республикасынан 5 монитор, 6 кардиограмма жана 1 даана анализатор, 100 даана керебеттер жардам катарында берилген», - деди Ж.Карабаев.

Иш-чарага кийинчерээк өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов да келип, дарыкананын жамаатына каалоо-тилектерин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×