Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.09.2018 12:17

Жалал-Абадда үч райондун жайыт комитеттерине 12 мотоцикл тапшырылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул районундагы жайыт комитеттерине 20-сентябрда мотоциклдер тапшырылды. Бул тууралуу АРИС долбоорунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн аймактык координатору Токоев Сапарбек билдирди.

Анын айтымында, Россия өлкөсүнөн чыгарылган 12 мотоцикл «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоору аркылуу берилди.

«Мотоциклдер малдын ден-соолугун коргоо тобунун дараметин жакшыртууга жакшы жагдай түзөт», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы жеке мал доктурларга да мотоциклдер тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×