Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.09.2018 12:56

«Алай» клубунун футболчулары кочкор-аталыктарды ири эсепте утту

Turmush -  Кечээ, 19-сентябрь күнү Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын алкагында (Топ-Лига) Ош шаарынын «Алай» клубу менен Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубунун футболчулары Жалал-Абад шаарындагы стадиондо ойношкон. «Алай» клубунун өкүлдөрү билдиргендей, бул оюн 5:1 эсебинде Оштун командасынын жеңиши менен аяктады.

«Биздин командадан 14-мүнөттө Молдожунусов, 29-мүнөттө Баратов, 51-мүнөттө Кожо Жоел, 71-мүнөттө Амириддин Шарифи, 91-мүнөттө Сардарбеков атаандаш команданын дарбазасына гол киргизе алышты», - деп билдирди «Алай» клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматов.

Быйылкы чемпионаттын алкагында аталган эки клуб 4 ирет оюн талаасына чыгып, анын эки оюну тең чыгуу менен аяктаса, эки жолу «Алай» клубу жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×