Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.09.2018 08:19 На русском

Москвада эмгектенген мекендештер Жалал-Абаддагы балдар үйүнө жардам беришти (фото)

Turmush -  Москва шаарында эмгектенген кыргызстандыктар Жалал-Абад шаарындагы балдар үйүнө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, 17-сентябрда Москвада эмгектенген мекендештер Жалал-Абад шаарында жайгашкан психоневрологиялык балдар үйүнө жардам иретинде азык-түлүк тапшырышты.

«Бул интернатта 106 бала тарбияланат экен. Арасында абалы оор балдар бар экенине күбө болдук. Аларга колубуздан келген жардамыбызды көрсөттүк.

Ошондой эле Сузак районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө жана Бишкек шаарындагы «Алтын уя» балдар үйүнө да жардам берип келебиз», - деди Улан Кошматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×