Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.09.2018 13:19

Министр К.Жунушалиев Жалал-Абаддын алыскы райондоруна кызматтык унааларды тапшырды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин материалдык базасын чыңдоо максатында облустун алыскы райондоруна кызматтык унаалар таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу аземине ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана Кытай Эл Республикасынын Ош облусундагы башкы консулунун башчысы Сун Лицюнь катышты.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ИИМде да аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, борбордук аппараттагы жумушчу орундар кыскарып, алар аймактарга бөлүндү. Башкача айтканда, эл менен иштей турган кызматкерлердин санын көбөйтүп жатабыз», - деди министр К.Жунусалиев.

Анда шарты катаал Тогуз-Торо жана Чаткал райондоруна 2017-жылы чыгарылган «УАЗ 23632» үлгүсүндөгү унааларды, ал эми Токтогул, Базар-Коргон райондоруна «KIA-Rio» унаалар тапшырылды.

Буга чейин июнь айында Жалал-Абад ОИИБге аталган генералдык консулдуктун колдоосу менен «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаа берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×