Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.09.2018 17:53

Жалал-Абадда таза суу көйгөйү чечилмейинче жарандар ич келте оорусунан арылбайт

Turmush -  Таза суу көйгөйү толук чечилмейинче жарандар ич келте оорусунан арылбайт. Бул ооруга Майлуу-Суу дарыясынан келген сууну ичкен жарандар көп кабылууда. Көп жылдык анализди алып караганда облустук көрсөткүчтүн 86 пайызга чейинкисин Майлуу-Сууда, 57,5 пайызга чейин Ноокен районунан катталууда. Мындай маалымат облустук эпидемиялык жана эпизоотиялык өзгөчө кырдаалдын комиссиясы тарабынан ич келте оорусун алдын алуу багытын талкуулаган жыйында айтылды.

Жыйынды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

Маалым болгондой, Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын калкынын арасында ич келте оорусунун эпидемиялык абалы жана таза суу менен камсыз болуусу актуалдуу маселе катары жылда каралат.

Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаевдин айтымында, ич келте оорусун болтурбоо үчүн негизги көйгөйлүү маселе калкты таза суу менен камсыз кылуу болуп саналат. Ага карабастан каражат жетишсиздигинен ичүүчү суу маселеси жөнгө салынбай жатат. Бул абал дарыгерлерди да ойлондурат.

«Жогорудагы көрсөтүлгөн аймактар таза суу менен камсыз болбосо ич келте оорусу каттала берет. Ич келте оорусуна калк сууга түшкөн, сууну көп пайдаланган июль, август сентябрь айларына көп кабылышууда. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери тарабынан акыркы 3 жыл аралыгында бейтаптар диспансердик каттоого алынып, анализи лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ич келте оорусунун таякчасын алып жүрүүчүлөр Ноокен районунда 3 адам, Майлуу-Суу шарында 1 адам катталган. Бардыгы амбулатордук шартта дарыланып, контролдук анализи алынып текшерилген, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ич келте оорусунун таякчасы аныкталган жок. Бүргөндү айыл аймагында 3222 кожолук бар, анын 250 кожолук өздөрү бетондолгон суу кампаларын куруп алган. 859 кожолукка күндүзгү саат 9дан 14кө чейин күнүгө суу берилет, бирок үй тиричилигине Майлуу-Суу дарыясынан келген каналдын суусун пайдаланышат. Момбеков айыл аймагынын 50 пайызы таза суу менен камсыз болгон эмес. Ичүүгө жана үй тиричилигине арыктын суусун пайдаланышууда. Ошондуктан суу көйгөйүн чечүү маселеси зарыл болуп турат», - деп билдирди ал.

Бүргөндү айыл аймагынын жетекчилиги аталган айыл аймактагы айылдардын тең жарымына таптакыр суу түтүктөрү барбагандыгы чоң көйгөй жаратып жатканын айтышууда.

Алардын ырастоолорунда, айыл аймакка караган 6 айыл болсо үч айылга таптакыр суу түтүктөр тартылып барган эмес. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Жергиликтүү бюджеттин чама-чаркы жетпейт. Бузулуп калган скважиналар оңдоп-түзөп, болгон күч аракет жумшалууда.

Ырысбек Ызабеков «суу жок» деп кол куушуруп олтура бербестен, аракет жасоо керектигин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×