Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.09.2018 14:25

Жалал-Абадда жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардан улам 4 адам каза болгон

Turmush -  Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагындагы иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 8 ай ичинде 40 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болгон. Ал эми сууга чөгүп каза болгондордун сааны Жалал-Абад облусунда 20 адамга жетип, анын ичине 2 жаш бала болду.

Ошондуктан ӨКМдин демилгеси менен өкмөттүн 2017-жылдын «5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө» токтомунун негизинде 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

«16-сентябрда Талас облусунда, 22-сентябрда Чүй облусунда, 22-сентябрда Нарын облусунда, 29-сентябрда Ысык-Көл облусунда, 30-сентябрда Ош шаарында, 5-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

Бул иш-чаранын максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу болуп саналат. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өздүк курамы, райондук Жарандык коргонуу кызматтары катышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×