Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.09.2018 09:18

Жалал-Абадда жер астынан өтүүчү өтмөк жакында колдонууга берилет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жүрүп жаткан курулуш иштердин 70%ы аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов билдирди.

Анын айтымында, ири курулуштар жакынкы күндөрү колдонууга берилет.

«2017-жылы бюджет кеч бекитилип, 2018-жылдын бюджетине кошо эле шаардагы курулуш тармагына 147 млн сом каралган. Ошону менен катар шаарда бир топ ири курулуштар жүрүп жатат. Алсак, жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушуна жалпы 24 млн сом каралган. Тендерден 19,5 млн сом утуп алган компания аны куруп, эми колдонууга берүү алдында турат.

Мындан тышкары, 35 млн сомго шаардагы А.Чехов, 24 млн сомго А.Пушкин атындагы көчөлөрүн кеңейтүү боюнча иштер аткарылууда, жакында алар колдонууга берилет. Ошондой эле Дружба жана Загорный көчөлөрүндөгү тротуардын курулушуна да каражат бөлүнүп, иш жүрүүдө», - дейт А.Нуркулов.

Ошондой эле ал быйыл №6 бала бакчага 50 орундуу имараттын, Төш-Кутчу айылында 100 балага ылайыкташкан бала бакчанын пайдубалы тургузулганын, бул курулуштар үчүн калаа казынасынан 4 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары шаардын Жеңиш кичи шаарчасында 24 млн сомго курулуп баштаган бала бакчанын курулушу токтоп калган. Ага тендерден утуп алган «Аста строй» компаниясынын башка компаниялар менен соттошуп жатканы себеп болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×