Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.11.2018 22:02

«Мекендештер»: Польшада эмгектенип жүргөн 23 жаштагы Элнура балалык кыялын орундатты (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 23 жаштагы Элнура Авазбекова. Ал Жалал-Абад шаарында туулган. Учурда Европада эмгектенүүдө. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бала кезинде эле Европа өлкөлөрүнө саякаттоону кыялданчу.

«Өзүм Жалал-Абад шаарында мектепти аяктагандан кийин Бишкек Гуманитардык университетине тапшыргам. Учурда финансы кредит багыты боюнча билим алып жатам. Мектепте окуп жүргөн кезде англис тили сабагына кызыкчумун. ЖОЖго тапшырганда чет тилине басым жасап, сабактан тышкаркы ар кандай китептерди окуп, өз алдымча тил үйрөнүүгө аракет кылдым. Бала кезде батыш өлкөлөрүн сыналгыдан, интернеттен көрүп, ошол өлкөлөргө барууну самачумун. Өткөн жылы виза алып, Германиянын Берлин шаарына бардым. Акыркы бир жылдан бери Польшада эмгектенип жатам», - деди ал.

Ошондой эле ал мекенине болгон сагынычы толуп-ташканын айтат.

«Мен бир катар шаарларда болуп, ал жердеги элдердин жашоо-шартын көрүп, маданияты менен тааныштым. Албетте, биз үйрөнүп, өзүбүзгө алчу бир кыйла саппаттар бар экен. Адамдары өтө пунктуалдуу болушат, мага ошол сапаттары абдан жакты. Мен Польшада жашап жүрүп бирин-серин гана кыргыздарды көрдүм. Аларга жолукканда бир тууганымды көргөндөй болуп, көпкө сүйлөшүп чер жаздым. Бул жакта атайын кыгыздардын уюмдары жок экен, көбүнчөсү эмгек мигранты катары келишкен. Үй-бүлөсү менен келгендер да жок эмес.

Ачыгын айтсам, азыр Кыргызстанды абдан сагындым! Мекенге болгон сагынычымды сөз менен жеткире албайм. Мекендин кадырын алыска узаганда гана билет экенбиз. Буюрса өз өлкөмө декабрь айында кайтайын деп турам, жаңы жылды мекенимде, үй-бүлөм менен тосом», - дейт журтташыбыз Элнура.

Мындан сырткары, Элнура Авазбекова кийинки жылдары Кытайдан билимин өркүндөтүүнү пландоодо. Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×