Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.09.2018 14:03 Жаңыланды: 12.09.2018 11:44

Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолунун жер көчкү кооптуулугу бар участкалары (фото, видео)

Turmush -  Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолунун Жалал-Абад— Казарман аймагындагы тилкесинде жер көчкү кооптуулугу бар жерлер бар. Өзгөчө Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылындагы Капсогор участкасында болжолдуу көлөмү 16 миллион кубду түзгөн жер көчкүгө жергиликтүүлөр да тынчсызданат.

Адистердин айтымында, дал ушул жолдун Курманбек айыл аймагынан өткөн бөлүгүндө жер көчкү кооптуулугу бар 4 участка бар. Алар кандай абалда? Жер көчкү кооптуулугун алдын алуу үчүн кандай кадамдар жасалды? Ушул суроолорго аймактык кабарчы жооп издеди.

Түндүк менен түштүктү бириктирген жолдун 365-чакырымында жер көчкү коркунучу бар. Андагы жер көчкү 1994-жылы пайда болгон, көчкүнүн көлөмү болжолдуу 16 миллион кубду түзөт. Сузак районуна караштуу Канжыга айылынын тургундары дал ушул участкадагы жер көчкүгө кооптонушарын белгилешет. Канжыга айылынын жашоочусу Айгүл Тагаева мындагы участкага жол салуу оңойго турбаганын, жумуш жүргөн менен кооптуулук жоюлбаганын билдирет.

«Мурда жол өтө бийик болгондуктан каттам кыйын болчу. Техникалар кулап кеткен да учур болгон. Азыр жол 100%га оңдолуп, тоо элине, жайлоодогуларга жакшы болду. Жалал-Абад шаарынан айылга эки саатта араң келсек, азыр 40-45 мүнөттө эле келип калабыз. Бирок ушул Калмак-Кырчын айылынын башындагы Капсогор участкасынан Көк-Арт суусуна чейин жер көчкү жаракалары бар. Ушул жерлер кооптуулук жаратат. Майда-майда болуп эле жазында катуу жамгыр жааган күндөрү сай жакты көздөй жылып турат. Көпүрөнү салгандан кийин ага да жер көчкү жаракасы таасирин берди окшойт.

Жол куруучуларга рахмат, улам көчкөн көчкүнү тазалап жатышат. Ушул жерде көп жумуш жасашты, ага болбостон эле улам жылып калат. Жол салган кытайлар да аябай кыйналышты, ошентсе деле жумуш жүрүүдө. Сайдын аркы бетиндеги жаракалар эле ойлонтпосо туннелге чейин баары жакшы. Эртеңки күнү кандай болот билбейм. Жол бүтсө карапайым калкка да чоң пайдасы тиймек. Ушул көчкү жолго жетип, кыйынчылык жаралбаса эле баары жакшы болот», - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Канжыга айылынын жашоочуларынын ырастоолорунда, дал ушул Капсогор участкасынын маңдай тарабындагы жол менен жогорудагы айылга жол түшкөн. Бирок ушул тарапта да жаздын күндөрү майда жаракалар пайда болду. Ал майда жаракалар айылдыктарды башка аймак менен байланыштыруучу жалгыз жолду да кесип өтөт. Ал сызык жазында жаан-чачындан кийин байкалып калат. Элеттиктер абалдан чыгуу үчүн шаймандарын көтөрүп келишип, кум, майда таштар менен жараканы жаап коюшуп, каттамды улантып жатышат. Элеттиктер өзгөчө жазында кооптонушат жана майда жаракалар эртеңки күнү жолго өз таасирин тийгизүүсү мүмкүн дешет.

ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Тойчубек Изабековдун айтымында, Капсогор участкасында жер көчкү эски чоң көлөмдөгү көчкүлөрдүн бири. Бул участкага тийиштүү жумуш жүргүзүү зарылдыгы эске алынган. Бул жол өткөн төрт участокто жер көчкү жаракалары бар.

«Жол Курманбек айыл өкмөтүнөн өткөн аймагында 4 участкасында жер көчкү кооптуулугу байкалган. Биринчи участогу Таран-Базар айылы менен Саты айылына өткөндөгү Көк-Арт дарыясынын оң жээгинде жер көчкү 2016-жылы кыш айларында пайда болгон. Көлөмү 67 миң кубду түзөт. Жер астындагы суунун көптүгүнөн келип чыккан. Көчкүнүн активдүүлүгү токтогон эмес, жылып турат. Жол куруучулар тазалап жатышат. Андан сырткары ошол Капсогор участкасында жер көчкү 1994-жылдары башталган. Бул өтө чоң көчкү. Мунун көлөмү 16 миллион кубга чейин жетет. Узундугу 2 чакырым, туурасы 700 метрдей десе болот. Кар көп жаагандыктан быйыл активдешип жылды. Жол куруучуларга эскертүүлөр берилген. Ошонун негизинде жол куруучуларга жер көчкүдөгү сууларды азайтуу максатында дренаж курулмаларын куруу сунушталган. Дренаж курулуп, жер астынан чыккан суулар агып чыга турган болсо, көчкүнүн жылышы жайлайт. Кургак жерин механикалык жол менен жеңилдетсе болот. Суунун сол тарабында же Канжыга айылы тарабында көлөмү майда болгон көчкүлөр, салыштырмалуу туруктуу абалда. Жолго чоң коркунуч алып келбей турган абалда», - деди Т.Изабеков.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжол Бегалиев чоң көлөмдүү көчкүдө бир топ жумуштар жүргөнүн айтат.

«Капсогор участкасында жер көчкү коркунучу бар. Бирок жол куруу үчүн долбоорду кабыл аларда дал ушул аймак эске алынып, жер көчкүнүн түбүндөгү сууну чыгаруу үчүн жердин алдынан өтүүчү дренаж жасоо каралган. Бул жумуш аткарылды. Андагы салынган көпүрөнү коргоо үчүн да тирегич дубал курулган. Бир жеринде кемтик пайда болгон, ал калыбына келтирилип жатат. Эми көчкүнүн үстү кургак болуп, түбүндөгү суу сайга кошулуп кете берет. Сай жээгин габион торчо менен тосуп чыкканбыз. Бул участкада бир топ жумуш жүрдү. Жер көчкүнүн түбүнөн чыккан суулар дренаж аркылуу сайга кошулуп, өзгөчө кооптуулукту жаратпайт деп ишенебиз. Эгер дренаж курбай, башка жактан жол сала турган болсок, 9 чакырымды айланып өтүүгө туура келмек», - деди ал.

Адистер жолдогу коопсуздук жоюлганын белгилешти.

Маалым болгондой, Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолдун биринчи фазасына Жалал-Абад—Казарман жолунун 143 чакырымы камтылып, анын 118 чакырымында жумуш кызуу жүрүүдө. Жыл аягына чейин жолдун 105 чакырымы толугу менен асфальтталып бүтөт. Жолго төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 15 сантиметрди түзөт. Мында жолго асфальт төшөөнүн жаңы түрү колдонулуп жатат. Негизинен Россия жана Казакстан өлкөлөрүндө бул ыкма кеңири жайылтылып, өз натыйжасын берген.

Альтернативдүү жолдун асфальт төшөлгөн бөлүгүнө быйыл жол белгилери да орнотулуп бүткөрүлөт. Мектеп алдына, социалдык объектилердин тушуна унаа ылдамдыктарын азайтуучу белгилер жасалат.

Көк-Арт ашуусундагы туннелде тийиштүү техникалар тартылып, жумушчулар тоо боорун баш көтөрбөй казууда. Тоонун Тогуз-Торо тарабында 200, Жалал-Абад тарабында 210 жумушчу иштеп жатат. Туннел курулуп жаткан жерде кар көчкү маселеси бар. Мындан улам кар көчкүдөн жолду коргоо максатында 8 галерея курулмакчы. Тоону тешип өткөн туннелдин жалпы узундугу галереяны кошкондо 3815 метрди түзөт. Курулушу бүткөндөн кийинки бийиктиги 9 метрге барат. Авариялык жагдайлар да эске алынган.

Тактап айтканда, кичине туннель ар 300 метр сайын негизги туннель менен биригип турат. Туннелдеги суу кичинеси аркылуу чыгат. Өрт чыккан учурда же кандайдыр бир кырсык катталган тапта кичине туннель аркылуу жүргүнчүлөр эвакуацияланып, жагдайдан чыгууга болот.

Балыкчы—Жалал-Абад альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, экинчи техникалык категориядагы жолго кирет. Айылдарды аралап өткөн жолдун туурасы 24 метрди түзүп, 4 тилке жол болот. Бул альтернативдүү жолдун курулушун Кытай Эл Республикасынын «Чайна Роуд» компаниясы жүргүзүп жатат жана анын куруу үчүн 850 млн доллар каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×