Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.09.2018 18:06

Жалал-Абад шаарындагы 12 көп кабаттуу үй жылуулук системасына туташат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында быйыл ноябрь айына чейин 12 көп кабаттуу үй жылуулук системасына туташтырылат. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси филиалынын директору Рахман Кожомбердиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-2019-жылдарга карата кыш камылгасын көрүү үчүн пландалган иш мерчемде шаардагы 18 көп кабаттуу үйгө жылуулук киргизүү каралган болсо, азыркы учурда шаардагы 10 үйдү жылуулук системасына туташтыруу иши дээрлик бүтүп калды. Ноябрь айына чейин дагы 2 көп кабаттуу үйгө жылуулук киргизилет. Ал эми калган 6 үйдү жылуулук системасына кошуу сезон мезгилинде улантылат.

«Шаар бийлиги 2016-жылдан бери эле үйлөргө жылуулук киргизүү зарылдыгын айтып, кайрылып келишет. Мындан улам быйыл Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасы шаарга 10 миллион сом бөлүп, керектелүүчү материалдык жабдыктар да ошол сумманын ичинде берилген. Азыр жумуш кызуу жүрүүдө. Көп кабаттуу үйлөрдүн башчыларына, жашоочуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүү менен жылуулук туташтырылууда. Жылуулукту көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө чейин киргизип жатабыз. Үйүндө батареялары бар жашоочулар 3 миң сомго чейин, жоктор 10 миң сомго чейин төлөп жатат. Буга батир ээлери макул болушууда», - дейт ал.

Маалым болгондой, Жалал-Абад райондор аралык жылуулук өндүрүштүк бирикмеси 2023-жылга чейин шаар аймагында 45 үйдү жылуулук системасына бириктирүү планын койгон. Бүгүнкү күнгө чейин 40 көп кабаттуу үйгө жылуулук берилет.

Ал эми Жалал-Абад шаарында 216 көп кабаттуу үй бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×