Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.09.2018 11:40

Жалал-Абад шаарында жыл сайын унаа салыгынан 10 млн сомдой акча чогулат

Turmush -  Кечээ, 4-сентябрда Жалал-Абад шаардык салык кызматында автоунаа салыгын төлөө үчүн кезек күткөндөрдүн саны арбын болду. Анткени унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү болгондуктан көпчүлүк салыкты шашылыш төлөп жатат.

Шаар тургуну Ильяз Кубатбековдун айтымында, 8 айдын ичинде түрдүү себептерден улам автоунаа салыгын төлөй албай жүргөн. Ал айып пул салынат деген маалыматты уккандан кийин салык төлөө үчүн келген.

Өлкөдөгү автоунаалардын бир жылдык салыгы көлөмүнө жана чыгарылган жылына жараша чегерилет. Жалал-Абад шаарында жыл сайын автоунаалардын салыгынан 10 млн сомго жакын акча чогултулат. Бул тууралуу салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Уметов билдирди.

«Учурда автоунаа салыгынын 90 пайызы жыйналды. 5-сентябрдан тарта айдоочулар негизги суммадан тышкары 2 миң сом өлчөмүндө айып пул кошуп төлөөгө мажбур болот. Себеби салыктын төлөө мөөнөтү 1-сентябрга чейин гана болчу. Бүгүнтөн баштап калаада Мамлекеттик салык кызматы жол тескөөчүлөр менен бирге рейд өткөрүп баштайт. Анда салык төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып аянтчасына токтотулат», - деди ал.

Жалал-Абад шаарында 8 айдын ичинде 43 жол кырсыгы катталып, 63 адам түрдүү жаракаттарды алган. Адам өмүрү кыйылган жок. Ал эми акыркы 4 күн аралыгында 2 жол кырсыгы катталды.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, эми күн сайын рейд уюштурулуп, салыктар жыйналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×