Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.09.2018 09:41

Жалал-Абаддагы борбордук аянттан жаныбарлардын инсталляциясы эмне үчүн алынды? (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынын жанындагы сейил бакка коюлган жаныбарлардын инсталляциясын бир күнгө жетпей Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы алып койду. Буга жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Шаардыктардын айтымында, Эгемендүүлүк күнү коюлган инсталляцияларды түштөн кийин жүктөп кетишкен. Жашыл түстөгү жаныбарлардын жанына жаш балдарын сүрөткө түшүрүүнү каалаган ата-энелер жетишпей калганын айтып, нааразы болушууда.

Ал эми Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси Шерболот Асанбаев билдиргендей, тургундар жаныбарлардын инсталляциялары менен жөн гана сүрөткө түшпөй, алардын үстүнө да чыгып алышкан. Алар аргасыз инсталляцияларды алууга мажбур болушкан.

«Жаныбарлардын инсталляциялары кайсы жерге коюлары боюнча мэрияда чогулуш болгондон кийин гана чечилет. Анын жыйынтыгы менен кайсы жерге коюлары же майрамдарда чыгарыла турганы белгилүү болот. Азыр Көчмөндөр оюндары өтүп жаткандыгына байланыштуу чогулуш боло элек.

Биз майрамды утурлай атайын элдин маанайын көтөрүү үчүн алып чыкканбыз. Кызматкерлер, өзүм баш болуп көз салып турдук. Майрамдык саамалык бүткөндөн соң эл сейил бакты көздөй жөнөп, кызыккандар көп болду. Жаш балдарын жаныбарлардын үстүнө чыгарып, сүрөткө түшүп жатышты. 5-6-класстын окуучулары, чоң адамдар да минип, сүрөткө түшүштү. 2-3төн отуруп алгандар да болду.

Биздин кызматкерлер инсталляциянын үстүнө чыгууга болбой турганын айтып, түшүндүрүп жатышты. "Сенин эмнең кетип жатат, отурса отургандыр" деп кыйкырып жооп бергендер болду. Эгер бир күн калтырганыбызда эртең мененкиге чейин таппай калышыбыз мүмкүн болчу. Биздин маданият жетише элек окшойт. Азыр алар биздин мекемеде турат», - деди Ш.Асанбаев.

Жаныбарларды көк майсаң менен шөкөттөө үчүн жергиликтүү бийликтен 60 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×