Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.08.2018 15:16 Жаңыланды: 31.08.2018 16:36

Видео: Жалал-Абадда туу көтөрүп турган студент эс-учун жоготуп коё жаздады

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан майрамдык салтанаттын расмий аземинде туу көтөрүп турган студент эсин жоготуп коё жаздады. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Окуяга күбө болгон Замирбек Тойчубаев: «Мен ошол жерде майрамдык салтанатты камерага тартып жаткам. Трибунада шаар мэри жана аксакалдар кеңешинин өкүлү чыгып сүйлөп жатышкан. Бир учурда алардын арт жагында туу көтөрүп турган жигиттердин бири өзүн жоготуп, эки жакка жыла баштады. Аңгыча мен барып, колунан сүйөп кармап, жетелеп сыртка алып чыгып, коопсуздукту көзөмөлгө алган милиция кызматкерлерине өткөрүп бердим. Андан кийин баланы алар ошол жердеги тез жардам унаасына алып барып, биринчи жардам көрсөтүлдү», - деп билдирди.

Ошондой эле туу көтөргөн экинчи жигит да өзүн жоготкондо жардам берип, тез жардамга алып барганын, андан кийин эмне болгонун сураганда эртең менен эрте келип даярданганын, ошондон бери ачка жүргөнүн айтканын кошумчалады.

Кийинчерээк аталган жигиттер шаардагы жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенттери экени маалым болду. Алар медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кетишкен.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×