Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.08.2018 14:42

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин гарнизондук жыйыны өттү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө калктын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин гарнизондук жыйыны өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач өздүк курам сапка тизилип, ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктоо сөзүн айтып, кесиптештердин арасында үлгүлүү, жасаган кызматы менен айырмаланган кызматкерлер сыйланышты. Ошондой эле аймактардагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу өздүк курам бөлүштүрүлдү.

Гарнизондук жыйын жеке курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×