Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.08.2018 13:50

Кол эмгектердин көргөзмөсү, тамак-аш жармаңкеси, оюн-зоок: Жалал-Абаддагы майрамдан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта да кызуу белгиленип, театралдаштырылган оюн-зоок менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул жолку Эгемендүүлүк майрамда жасалма көк майсаңдан жасалган жаныбарлардын инсталляциясы коюлуп, өзгөчөлүк жаралды. Төө тайлагы, бугу элиги менен, ошондой эле эки жылкынын элеси шаардыктардын кызыгуусун арттырды.

Ал эми майрамдык салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Анда бийлик өкүлдөрү өзүнүн тарыхы, мамлекеттик атрибуттары бар, демократиялуу өлкөдө өнүгүп-өсүүлөр болгонун белгилешип, мындан ары да өлкөдө өнүгүү болсун деген тилектерин билдиришти.

Ыйгарымдуу өкүл өз сөзүндө эгемендүүлүктү алуу оңойго турбаганын белгиледи.

«Бүгүн биз эң башкы мамлекеттик майрамды — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилеп жатабыз. Көз карандысыздыкка ээ болуп, азаттыкты алган 27 жыл ичинде өлкөбүздө орчундуу окуялар, түрдүү кырдаалдар, саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болду. Мамлекетибиз кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, журтубуз бакубат өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн, жергебиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калды.

Бүгүнкү күндө биздин күнөстүү өлкөбүз — дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн орду бар, демократиялуу, көз карандысыз, эгемен өлкө. Себеби кыргыз эли улуу эл катары тарыхтын эчендеген сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, канын азык, каруусун казык кылып, канжыгага баш байлап, көкүрөктөгү эркиндик үчүн күрөшкөн, эркин өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, эгемендүүлүк күнгө жетип отурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы — өмүрдөн да кымбат дөөлөт. Анткени бул дөөлөт жалпы калкыбыздын эркиндиги жана урпактарыбыздын келечеги. Биздин келечек муун өсүп-өнүгүүгө багыт алган, тынчтык менен биримдик өкүм сүргөн өлкөдө чоңоюшу кажет», - деп белгиледи өз сөзүндө.

Майрамга утурлай кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, азыктардын жармаңкеси менен коштолду.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн төрагасы Кубанычбек Кудайбердиев Эгемендүүлүк майрамын шаарда жашаган 8 улуттун диаспоралары да өзгөчө майрамдаганын кошумчалады.

«Биздин шаарда көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан бүгүнкү майрамда дагы 8 диаспоранын өкүлдөрү иш-чарага келген конокторго өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын таратып, маданиятын жана үрп-адаттарын тааныштырышты. Мындай иш-чаралар шаарда жыл сайын эле өткөрүлүп келет. Мындан сырткары алар өздөрүнүн ыр-бийлери менен келген коноктордун да маанайын көтөрүшүүдө, майрам жогорку деңгээлде өтүп жатат», - деди К.Кудайбердиев.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат облустун бардык район-шаарларында кызуу белгиленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×