Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.08.2018 14:58

Жалал-Абадда 58,7 млн сомго курулган мектептин ачылышы болду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында №6 орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге ЖК депутаты Айнура Осмонова, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

«Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектеп буга чейин авариялык абалда болгон, кийинчерээк ӨКМ тарабынан жараксыз деген корутунду чыгарылган. 2014-жылдан тарта аталган мектептин окуучуларын жакын жайгашкан №7 орто мектебине көчүрүп, ал жерден билим берип жатканбыз. Ошол мезгилден тарта ушул мектепти куруп бүтүрүү үчүн жергиликтүү бийлик жана өкмөт, президент өзү киришип, бүгүнкү күнү жаңы окуу жылынын алдында жаңы мектептин имаратын тапшырып турабыз. Бул типтүү мектеп 275 балага ылайыкташкан. Аталган мектепти курууга жалпы 79 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген», - дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев.

Мындан сырткары ал шаардагы 20 мектеп, 22 бала бакча жаңы окуу жылына толугу менен даяр экенин кошумчалады.

Ал эми калаа мэри быйылкы жылы шаарда курулуш иштери көп болуп жатканын, анын ичинен өзгөчө билим уяларына басым жасалып жатканына токтолду.

«Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын утурлай биздин шаарда жакшы жөрөлгө болуп жатат. Мындан эки жыл мурун курулуш иштери башталган №6 мектеп, бүгүнкү күнү толук бүткөрүлүп, колдонууга берилип жатат. Аталган мектепти куруу үчүн долбоордон жалпы 79 млн сом каралган. Тендер жарыяланып, андан 58 млн 710 миң сомго курулган жаңы имарат колдонууга берилүүдө. Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында шаарда бир топ курулуш иштери жүрүп жатат. Алсак, 102 млн сомдук акча каражатын депутаттардын колдоосу менен мына ушул билим берүү тармагына жумшайбыз. Азыркы тапта Төш-Кутчу айылында 50 орундуу бала бакча курууга тендер жарыяланган. Мындан сырткары №6 бала бакчаны кеңейтүү үчүн пайдубалы куюлду», - дейт шаар мэри М.Тагаев.

7-класстын окуучу Мырзакапар Турсуналиев жаңы мектептин шарттары жакшы экенин айтып, кубанганын белгиледи.

«3 жылдан бери жакын жайгашкан №7 мектепте окуп жатканбыз. Ал жакта 3-кабатта окудук, күн ысыганда абдан кыйналчубуз. Ал эми өзүбүздүн мектебибиз болсо кичинекей жана эскирген эле. Азыркы жаңы курулган мектеп абдан чоң жана жарык, класстык бөмөлөр да кенен, бардык жабдуулар жаңы экен. Жаңы мектеп мага аябай жакты», - деди М.Турсуналиев.

Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 22 бала бакча бар болсо дагы 5 мектеп жана 5 бала бакча куруу зарылчылыгы жаралып келет. Аталган көйгөйдү чечүү максатында шаардын Жеңиш кичи шаарчасында 24 млн сомдук 100 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулуш иштерине тендер жарыяланган.

Быйыл Жалал-Абад шаарында эки миңден ашуун окуучу 1-класска кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×