Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.08.2018 20:58

Жалал-Абад—Бишкек багытындагы айрым авиакаттамдар убактылуу токтотулду

Turmush -  Жалал-Абад—Бишкек багытындагы авиакаттамдын айрымдары убактылуу токтотулду. Муну «Tez Jet» аба компаниясы учактын жетишсиздиги менен түшүндүргөн. Бул маалыматты Жалал-Абад аэропортунун жетекчиси Закиржан Мамасеитов билдирди.

Анын айтымында, авиакаттамдардын графиктери эки аптага убактылуу өзгөрдү.

«Бизге компаниянын өкүлдөрү эки апта жекшемби күндөрү гана каттам болорун айтышты. Кечээ күндөн тарта авиакаттамдар токтоду, эми жекшемби күнү учат. Учакка билет алгандар Оштон учушту, айрымдарынын акчасы кайтарылып берилди. Эки аптадан кийин кайрадан өз нугуна түшөт.

Биз бул «Тez Jet» компаниясы менен авиакаттамды жумасына 5 жолу учуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Жүргүнчүлөр толуп, каттам үзгүлтүккө учурабай эле учуп жаткан», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, жыл башынан бери Жалал-Абад—Бишкек багыты боюнча 11 миңден ашуун жүргүнчү учкан. Быйылкы жылдын апрель айынын соңунан тарта Жалал-Абад аэропортунда учак жумасына төрт жолудан учуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×