Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.08.2018 10:40 На русском

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган Майрамбек Адылбековдун өмүр баяны

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп «Өнүгүү» фракциясынан Адылбеков Майрамбек Алымбекович дайындалган. Тиешелүү буйрукка 17-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев кол койгон.

Шаардын мурунку биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган ,jkxe.

Өмүр баяны

Адылбеков Майрамбек Алымбекович

Туулган жылы: 1984-жылдын 16-декабры

Туулган жери: Аксы районунун Жаңы-Жол айылы

Билими

- 2001-2006-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университети;

- 2007-2009 -жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аспирантурасы;

- 2010-жылдын октябрь-ноябрь айлары – Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын жаш кадрларды окутуу программасынын угуучусу, социолог-политолог адистиги;

Эмгек жолу:

- 2006-2009-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде аспирант жана стажер-окутуучу;

- 2009-2010-жылдары «Жаңы Максат» коомдук фондунун Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору;

- 2011-2013-жылдары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси;

- 2013- 2018-жылдары «Жаш жарандарды өнүктүрүү» коомдук фондунун аткаруучу директору;

- 2008-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин депутаты М.К.Кунакуновдун жардамчысы;

- 2010-жылдын май-июнь айларында Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Жалал-Абад шаардык комиссиясынын төрагасы;

- 2011-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын ноябрь айына чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;

- 2013–2014-жылдары «Алиби» гезитинин атайын кабарчысы;

- 2015-жылдын март айынан 2016-жылдын декабрь айына чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;

- 2016-жылдын декабрь айынан бери Жалал-Абад шардык кеңешинин депутаты.

Класстык чини – мамлекеттик кызматтын кичүү инспектору.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×