Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.08.2018 11:05 На русском

Жалал-абаддыктар Көчмөндөр оюндарында 17 кылымдагы келин алуу салтын көрсөтөт (фото, видео)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад облусу келин алуу каада-салтын көрсөтөт. Бул тууралуу облустук «Барпы» театрынын директору Санжар Берикбаев билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюнунда дубанга жогорудагы каада-салтты сахналаштырып көрсөтүү тапшырмасы берилген. Театрдын кызматкерлери эмгек өргүүдөн кайтып келишери менен 1-августтан тарта сынакка даярданып баштады.

«Келин алуу каадасы боюнча сценарийди Ооганбек Стамбеков жазып берди. Аны биздин театрдын режиссёру Бакыт Жумалиев даярдап жатат. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да «Курманбек» эпосун жогорудагы инсан О.Стамбеков жазып, биздин режиссёр койгон, баш байгеге ээ болгонбуз. Быйыл да алдыңкы орунга жетишебиз деген үмүт менен кызуу даярдык көрүп жатабыз. Андан сырткары, Жалал-Абад ордосун жасалгалоо жумушун да мойнубузга алдык. Бизге чейин Жалал-Абад шаардык мэриясына берилген экен, негедир алар баш тартып коюшуптур. Ал эми каржылоону өкүлчүлүк колго алууда», - деп билдирди С.Берикбаев.

Аталган театрдын режиссёру КРнын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиевдин айтымында, эртеден кечке кызматкерлер катуу даярдыктардан өтүшүүдө. Сценарийге ылайыкташтырылган формалар да тигилип, сахна ошол доорго ылайыкташтырып жасалгалашууда.

«Келин алуу жөрөлгөсүнө 30 мүнөт берилген, ошол убакыт той жөрөлгөсүн көрсөтүп беришибиз керек. Ар аймакта ар кандай адаттар бар, алардын баарын камтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан биз түштүк аймагындагы үрп-адаттарды алдык. Чачыла чачты, келиндин жүзүн ачуу, келин менен күйө келе жатканда аркан менен тосуу каадалары бар. Кезегинде кыздын өзүнүн тиккен саймасын тартчу. Айылдын эң кадырман, эң бактылуу, көп балалуу болгон кемпирди жаш жубайлардын төшөгүнө томолотуу болгон. Мына ушул сыяктуу каадаларыбызды камтыдык», - дейт Б.Жумалиев.

«Барпы» театрынын жамааты II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Курманбек» эпосун коюшуп, баш байгеге ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×