Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.08.2018 11:09

Жалал-Абадда жол тескөөчүлөр алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук Жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуудан өтүштү.

Маалым болгондой, ага 20га чукул тескөөчүлөр катышып, тийиштүү адистер окуу машыгууну өткөрүштү. Анда жол кырсык катталган мезгилде алгачкы жардам көрсөтүүнүн эрежелери үйрөтүлдү.

Жалал-Абад ЖККБнын маалыматына караганда, жол кырсык катталган мезгилде Тез жардам кызматы келгенге чейин жол тескөөчүлөр жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүсү керек. Ошондой эле, жарандар дагы биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү билбегендиктен адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болбой жатат.

«КРнын Административдик кодексинин 24-беренесине ылайык ар бир айдоочуда аптечкалар болуусу керек. Бирок учурда бул токтомду аткарбагандардын саны дээрлик 75%ды түзөт. Мындай жарандар мыйзамга ылайык 500 сом айып пул төлөшөт», - деп айтылат маалыматта.

Мындай окуу машыгуу 2017-жылдын башынан тарта республиканын 7 дубанында өткөрүлдү. Буга чейин Ош жана Баткен облустарында уюштурулуп, эми Жалал-Абад облусунда жыйынтыкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×