Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.08.2018 15:14 На русском

Жалал-Абадда акыркы бир жумада 20,8 тонна жапайы кара куурай жок кылынды (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 13-августунан 19-августуна чейинки аралыкта өткөрүлгөн «Кара куурай — 2018» операциясынын алкагында 11,78 гектар жерде өскөн, жалпы салмагы 20 тонна 860 килограммды түзгөн жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Саламат Талипов билдирди.

Анын маалымдоосунда, облустагы жапайы өскөн баңгизат өсүмдүгүн жок кылуу үчүн жыл сайын июль, август айларында атайын операция өткөрүү колго алынат.

«Кара куурай» операциясын биздин башкармалык, район-шаарлардын ички иштер бөлүмдөрү, айыл өкмөттөр биргеликте өткөрүп жатабыз. Быйылкы жылы бул операцияны жүргүзүүдө 320дан ашуун адам өз активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Алардын ичинен ИИБдин 180 кызматкери, кошумча күчтөрдөн 35, Чек ара кызматынан 12, Бажы кызматынан 4, УКМКдан 2 кызматкер катышты. Ошондой эле коомчулуктан 100гө жакын жаран тартылды. Андан сырткары кинология борборунан 2 кызматтык ит тартылды.

Операция жүргүзүү учурунда облустун аймагында 3 стационар жана 4 жылып туруучу посттор коюлган. Мурда баӊгизаттар менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон 125 адам менен профилактикалык маектешүүлөр өткөрүлдү. Иш-чара алкагында баӊгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш ачыкталды. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 253 килорамм каннабис, 4 грамм гашиш жана 33 грамм марихуана баӊгизаты алынган. Биздин негизги максат кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу болуп саналат», - деди С.Талипов.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийликтин, тартип сакчылардын шаштысын алган жапайы кара куурайды жок кылуу үчүн жыл сайын иш мерчем кабыл алынат. Быйыл да 125 адамдан турган 11 жумушчу топ түзүлүп, тийиштүү жумуштар жүрүп жатат. Кара куурайлар техникалардын жардамы менен орулуп, өрттөлүүдө. Техника бара албаган аймактардагы өсүмдүктөр кол менен орулуп, жок кылынат.

Быйылкы жылдын 8 айында облустун аймагында 38,87 гектар жер аянтында өскөн 49 тонна 72 кг кара куурай өсүмдүгү түп тамыры менен жок кылынган. Кара куурай Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында өсөт. Негизинен Токтогул районунда бул өсүмдүк көп аянтты ээлейт. Аталган райондо 400 гектарга жакын аянтта карай куурай өсө турганы такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×